Ecosyste.ms: Awesome

An open API service indexing awesome lists of open source software.

Awesome Lists | Featured Topics | Projects

https://github.com/javascript-tutorial/ky.javascript.info

Modern JavaScript Tutorial in Kyrgyz
https://github.com/javascript-tutorial/ky.javascript.info

javascript kyrgyz tutorial

Last synced: 7 days ago
JSON representation

Modern JavaScript Tutorial in Kyrgyz

Awesome Lists containing this project

README

        

# Заманбап JavaScript колдонмосу Кыргыз тилинде 🇰🇬

Бул репозиторийде колдонмосунун кыргыз тилиндеги котормосу сакталып жатат.

Бул колдонмо англис тилинен которулуп жатат. Котормолорубузда каталар болушу мүмкүн, андыктан каталарды тапсаңыз, алар жөнүндө [Issues](https://github.com/javascript-tutorial/ky.javascript.info/issues) бөлүмүндө билдирип койгонуңузду суранабыз.

**Сиз кантип салым кошо аласыз:**

1. [Kyrgyz Translate Progress](https://github.com/javascript-tutorial/ky.javascript.info/issues/1) талкуулоосун карап көрүңүз.
2. Которгуңуз келген, белгиленбеген макаланы тандаңыз.
3. Ошол эле талкуулоого макаланын аталышы менен жорум кошуңуз, мисалы, `JavaScript'ке киришүү`. Ал макаланы сиз которуп жатканыңызды баары билиши үчүн, биздин ботубуз аны талкуулоодо белгилейт. Сиздин жорумуңуз макаланын аталышын гана камтышы керек.
4. Репозиторийди көчүрүңүз ("Fork" баскычын басыңыз), андан кийин бир макаланы которуп, бүткөндөн кийин, биригүү сурамын жөнөтүңүз (Pull Request). Сурамдын аталышы сиз которгон макаланын аталышына дал келиши керек. Кээ бир макалаларда тапшырмалар, сүрөттөр ж.б. камтылган кошумча файлдар бар. Аларды да которуу керек.

Котормо боюнча суроолоруңуз болсо, котормонун аталышы менен [талкуу (Issue) түзсөңүз болот](https://github.com/javascript-tutorial/ky.javascript.info/issues/new), мисалы: "Translation: Code quality > Debugging in Chrome".

Сиз текстти каалаган редактордо түзөтө аласыз. Бул колдонмо түшүнүүгө оңой болгон кеңейтилген "markdown" форматын колдонот. Ал эми натыйжасын сайтта кандай көрүнөрүн көргүңүз келсе, колдонмону жергиликтүү түрдө иштетүү үчүн анын [сервери бар](https://github.com/javascript-tutorial/server).

Маалымат дагы деле жетишсизби? Кененирээк [бул жерде (орус тилинде)](https://github.com/javascript-tutorial/ru.javascript.info/blob/master/CONTRIBUTING.md) окусаңыз болот.

Сураныч, салым кошуучуларга котормоңузду карап чыгууга жана бириктирүүгө же өзгөртүүнү талап кылууга уруксат бериңиз.

Салым кошуучулар жооп бербесе, же салым кошуучу болгуңуз келсе, бизге [негизги репозиторийге](https://github.com/javascript-tutorial/en.javascript.info/issues/new) жазыңыз.

🎉 Чоң ыракмат!

Котормо жарыяланганда сиздин атыңыз жана салымыңыздын көлөмү "About project" (Долбоор жөнүндө) баракчасында көрүнөт.

P.S. Тилдердин толук тизмесин дарегинен тапсаңыз болот.

## Түзүлүшү

Ар бир бөлүм, макала же тапшырма өзүнүн папкасында жайгашкан.

`N-url` деп аталган папка, мында `N` – ылгоо үчүн сан (макалалар иреттелген), ал эми `url` - сайттын URL аталышы болуп саналат.

Папкада төмөнкү файлдардын бири бар:

- бөлүм үчүн `index.md`,
- макала үчүн `article.md`,
- тапшырманы түзүү үчүн `task.md` (жана ошондой эле анын чечими менен `solution.md`, эгерде бар болсо).

Файл анын `# Башжазуусу` менен башталат, андан кийин Markdown форматындагы текст болот. Аны жөнөкөй текст редакторунда түзөтүүгө болот.

Макала же тапшырма үчүн кошумча булактар жана мисалдар да ошол эле папкада болот.

## Котормо боюнча кеңештер

Сураныч, саптарды жана абзацтарды болгондой калтырыңыз - жаңы саптарды кошпоңуз жана учурдагыларды алып салбаңыз. Келечектеги өзгөртүүлөрдү англисче версиясынан котормого бириктирүүнү жеңилдетет.

Эгерде сиз англис тилиндеги версиясын жакшыртууга болорун көрсөңүз – өтө сонун, анда ага сунуш көрсөтүңүз.

### Терминдер

- Кээ бир спецификация терминдерин которууга болбойт, мис. "Функцияны декларациялоо" ошол бойдон калат.
- `resolved promise`, `slash`, `regexp`, жана башка терминдерди глоссарийде карап көрүңүз. Болбосо, [MDN](https://developer.mozilla.org/en-US/) сыяктуу колдонмолордон котормолорду издеңиз.

### Мааниси бар терминдер

Англис тилинде көптөгөн сөздөр ачык-айкын мааниге ээ. Англис тилин түшүнбөгөн адам үчүн андай маани жок.

Сураныч, муну эстен чыгарбаңыз, кээде түшүндүрмөлөр же кошумча котормолор керек болот, мисалы:

```md
`ReadableStream` allows to read data chunk-by-chunk.
```

Англис тилин түшүнгөндөр үчүн `ReadableStream` классынын аталышы ачык мааниге ээ.

Кыргыз тилиндеги котормолорду окуган кээ бир адамдар англис тилин жакшы билбеши мүмкүн. Ошондуктан, кашаанын ичинде `ReadableStream`'дин котормосун кошо алабыз, мисалы:

```md
`ReadableStream` ("окула турган агым") маалыматты бөлүктөргө бөлүп окууга мүмкүндүк берет.
```

### Код блокторундагы текст

- Комментарийлерди которуңуз.
- Колдонуучунун билдирүүлөрүн жана мисал саптарын которуңуз.
- Өзгөрмөлөрдү, класстарды, идентификаторлорду которбоңуз.
- Которгондон кийин кодду текшериңиз :)

Мисалы:

```js
// Example
const text = "Hello, world";
document.querySelector('.hello').innerHTML = text;
```

✅ Комментарийди которуңуз:

```js
// Мисал
const text = 'Салам, дүйнө';
document.querySelector('.hello').innerHTML = text;
```

❌ Классты которбоңуз:

```js
// Мисал
const text = 'Салам, дүйнө';
// ".hello" бул класстын аталышы
// Аны которбоңуз
document.querySelector('.салам').innerHTML = text;
```

Көңүл буруңуз, кээде коддон кийин сүрөттөр болот, жана эгерде коддогу `Hello` -> `Салам` текстин которсоңуз, сүрөттөрдөгү текстти да которуу керек.

Бул учурда, балким, мындай текстти которбоо жеңилирээк болот. Сүрөттөрдү которуу жөнүндө кийинчерээк окуңуз.

### Тышкы шилтемелер

Эгерде тышкы шилтеме Википедияга алып барса, мис. `https://en.wikipedia.org/wiki/JavaScript`, жана ал макаланын кыргыз тилинде сапаттуу версиясы бар болсо, анда англисче версиясынын ордуна ошол версияга шилтеңиз.

Мисалы:

```md
[JavaScript](https://en.wikipedia.org/wiki/JavaScript) is a programming language.
```

✅ Кыргызчалаштырсаңыз болот (en -> ky):

```md
[JavaScript](https://ky.wikipedia.org/wiki/JavaScript) бул программалоо тили.
```

MDN шилтемелери үчүн жарым-жартылай которулган версиясы болот.

Шилтемедеги макаланын которулган версиясы жок болсо, шилтемени ошол бойдон калтырыңыз.

### Метамаалымат

Кээ бир файлдардын, көбүнчөсү тапшырмалардын жогору жагында `---` менен чектелген YAML метамаалыматы бар:

```md
importance: 5

---
...
```

Сураныч, "importance" (жана башка окшош матамаалыматты) которбоңуз.

### Гипершилтемелер (Anchors)

Кээ бир хедерлердин (header) аягында `[#anchor]` гипершилтемеси бар, мисалы:

```md
## Spread оператору [#spread-operator]
```

Сураныч, `[#...]` бөлүгүн которбоңуз жана өчүрбөңүз.

### Сүрөттөр

Көпчүлүк иллюстрацияларда SVG форматы колдонулат, андагы текстти которулган вариант менен алмаштырууга болот.

Которулган текст колдонмонун тамырындагы `images.yml` файлында жайгашкан.

Файлдын форматы - YAML:
```yaml
image.svg: # сүрөт файлы
"hello world": # англисче сөз айкашы
text: "Салам дүйнө" # котормосу
position: "center" # "ортого" же "оңго" (котормону орто же оң жакка тегиздеш керек болсо)
```

### Дагы бир аз майда-чүйдө нерселер

- *"сиз"* деген сөздү жана анын туундуларын кичине тамга менен жазыңыз.
- Терминди кантип которууну билбей жатасызбы? [«Веб-стандарттар» сөздүгү](https://github.com/web-standards-ru/dictionary/blob/master/dictionary.md) (орус тилинде) жардам берет.
- Компаниянын аталыштары (Google), китепканалар (Jest) жана кыскартуулар (DOM) которулбайт.

### Көңүл бурганыңыз үчүн ыракмат!

**Ариет Музирапов [@laindeso2](https://github.com/laindeso2)**